Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жеңеке: Тоңдук Бермет кыялындагы жигитке турмушка чыккан күнү бир тууган байкесин шок кылган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 31 жаштагы тургуну Алдашова Бермет. Ал Тоң району боюнча жаңы жыл алдында көз жарган жалгыз келин болгондугун аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча фармацевт.

«Жолдошум Черикбаев Мирзат 1985-жылы Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Райондук социалдык фонд башкармалыгынын киреше бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенет. Жаңы жыл алдында балалуу болуу өзгөчө болот экен, кубанычыбызга чек жок болду. Дарыгерлер 5-январда төрөйсүң дешкен, ошол күндү күтүп жатканбыз. Жаңы жылга дасторкон даярдап жүргөндө күтүүсүздөн толгоом келип, 31-декабрда саат 15:45те көз жардым. Балам 3550 грамм салмакта төрөлдү. Атын чоң ата, чоң энеси Алишер деп коюшту»,- деди ал.

Ал турмушка чыкканга чейин жигити бир тууган байкесинин жакын досу экенин билген эмес.

«Жолдошум экөөбүз Бишкек шаарында жүргөндө досторубуз аркылуу байланышып, телефон аркылуу таанышканбыз. Жолдошум ал учурда айылда иштечү, мен жогорку окуу жайда окучумун. Бишкекке жумуштап келген сайын жолугуп турчубуз. Мен окууну бүткөндөн кийин үйлөнүүнү сунуштады. Мен каршы болгон жокмун, себеби ал менин кыялымдагыдай, эмгекчил, токтоо жигит эле. Ал менин байкемдин досу экенин билген эмесмин жана байкем дагы мен анын досу менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билбептир. Мени алып келгени барарда байкем жолдошумдун досу катары чогуу бармай болот. Жолдошум аны кал дегенине болбой, ал: "досум үйлөнгөнү жатса кантип барбай коём" деп болбой коёт. Жолдошум ачыгын айткандан уялып, унчукпаптыр. Алып кеткени келгенде агам мени көрүп, шок абалда болду. Такыр сүйлөбөй койду, досуна жана мага таарынгансып, унаанын алдына отуруп, артын карабай, үйгө чейин унчукпай келген. Азыр чогуу отурганда эстеп күлүп калабыз. Учурда эки уул, бир кызды тарбиялап жатабыз», - деди Б.Алдашова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16262
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×