Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 09.01.2018 12:43 На русском

Депутат А.Өмүрбекова вице-премьерлердин санын кыскартууну сунуштады

Turmush -  Депутат Алтынай Өмүрбекова («Республика – Ата Журт») вице-премьер министрлердин санын кыскартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Отурумда депутат Кенжебек Бокоев («Республика – Ата Журт») өкмөттө укук коргоо блогун ким жөнгө салаары тууралуу суроо берди. Ага биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жооп берип, аталган блокту премьер-министр жөнгө салаарын айтты.

«Башкача айтканда эртең биз укук коргоо органдарындагы көйгөйлөрдү көтөрсөк, чек ара маселесине премьер өзү жооп береби?», - деп сурады К.Бокоев.

«Милдеттер бөлүштүрүлгөн. Чек ара жана өзгөчө кырдаалдар маселелери вице-премьерге өткөрүлүп берилген. Бул өкмөт башчынын укугу, мүмкүн ал бул маселени карап көрөт», - деп жооп берди А.Шадиев.

Ал эми, депутат Алтынай Өмүрбекова вице-премьерлердин санын кыскартуу керек деген пикирин билдирди.

«Буга чейин төртүнчү вице-премьердин кызматы чек ара жана укук коргоо блогундагы маселелер боюнча ачылган. Ал эми учурда бул маселерди премьер өзү жөнгө салат. Менин жеке оюм вице-премьерлердин санын кыскартып койсо болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×