Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Баракелде

Москвада 5-кабаттан кулап, оор жаракат алган кыргызстандык Ж.Юсупова операцияга муктаж (фото)

Turmush -  Россиянын Москва шаарында 5-кабаттан кулап оор жаракат алган Жаркынай Юсупова операция жасатуу үчүн мекендештеринен жардам сурайт. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Алардын айтымында, 1-январь күнү 1988-жылы туулган Ж.Юсупова өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн терезесин жууп жатып буту тайып, кулап кеткен. Анын абалы оор, жамбаш, бут сөөктөрү сынып, ички органдары жабыркаган. Ал 2 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, учурда жалпы палатага которулду.

«Анын медициналык камсыздандыруусу жок болгондуктан биринчи операциясына 300 миң рубль төлөө керек. Ал мекендештерине жардам сурап кайрылат. Учурда апасы Адина аны кароо үчүн Кыргызстандан Москва шаарына келди», - дешти алар.

Жаркынай Юсупова Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургуну.

Ага жардам берүүнү каалагандар 8-968-475-27-23 (апасы) телефон номуру аркылуу байланышса болот.

Банктагы эсеби: 4276- 3801-6836-0399 (Сбербанк), алуучу: Багытбек Бапанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2564
Көп окулду
×