Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Баткен

Лейлекте былтыр 37 карышкыр, 21 чөө жок кылынды

Turmush -  2017-жылдын ичинде Лейлек районунда 37 карышкыр, 32 бөлтүрүк жана 21 чөө жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы Абдилла Өсөров билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы район аймагында карышкырлар көбөйүп, элдин малына кол салгандыктан жергиликтүү бийлик тарабынан карышкыр аткан мергенчилерге 1 карышкыр үчүн 300 сом, Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти тарабынан 600 миң сом сыйлык каралган. Январь айынын башынан бери 2 чоң карышкыр жана 1 чөө атылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1854
Көп окулду
×