Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик С.Жороева 22 жылдан бери сүт азыктарын сатып, киреше табат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну Саадат Жороева 22 жылдан бери сүт азыктарын сатып, киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен Андыген жайлоосуна барып, элдин уйларын багып келет. Сүт азыктарын сатып, айына 15 миң сомго чейин киреше табат.

«Күйөөм экөөбүз элдин, өзүбүздүн малыбызды жайлоодо багабыз. Мен уйларды саап, курут, сары май, айран, сүт топтоп сатып келем. Ар жума сайын базарга чыгам, үйдө да кошуналарга сата берем. Биздин эн негизги кирешебиз сүт азыктары», - деди ал.

Сүт азыктары июнь, июль, август айларында жакшы сатылат. Куруттун 1 кг 250 сом, сары май 200-300 сом, айран 20 40 сом, сүт 30-40 сомдон бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 853
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×