Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Жаңы жыл түнү 2 аялды өлтүрүп, үй ээсин жарадар кылган 6 шектүүнүн сүрөтү

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылындагы оор кылмышка шектүү 6 адам кармалган. Бүгүн, 8-январда ИИМдин басма сөз кызматы шектүүлөрдүн сүрөттөрүн жарыялады. Алар Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустарынын тургундары.

Учурда үй ээси (45 жаштар чамасында) ооруканада дарыланып жатат. Анын жубайы менен кайын энеси көз жумган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кайын энеси башына тийген октон ошол жерде үзүлгөн. Ал эми экинчи аял арт жагына тийген октон оор жаракат алган. Ал качып бара жаткан учурда ок атылган деп болжолдонуп жатат.

Кандуу окуя 1-январда саат 04:30 чамасында болгон. Учурда бул оор кылмышка байланыштуу тажрыйбалуу милиция кызматкерлери тергөө иштерин улантып жатышат.

Окуя тууралуу:

Куралчан кол салгандар үйдөгү 2 айлык балага тийишкен эмес (үйдө жалпы 4 адам болгон). Райондук оорукананын дарыгерлери жаагынан оор жаракат алган бейтап борбордогу ооруканага которулганын билдиришти.

Жубайлардын эки кызы бар. Жаңы жыл түнү кыздары конокко кетип, алардын бири 2 айлык баласын ата-энесине калтырган. Окуядан кийин наристени туугандары алып кетишти.

Айылдыктардын айтымында, бет капчан кол салгандар үйдөн акча каражатын алып кетиши мүмкүн. Башка буюмдарга тийишкен эмес.

Шектүүлөрдүн кармалышы:
Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан көп узабай алгач 3 адам кармалган. Алар — 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В., 20 жаштагы Д.К. Шектүүлөр Аламүдүн районунун жана Бишкек шаарынын тургундары.
Милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган 93 миң сом жана алтын буюмдар табылган. Ошондой эле, ок атуучу курал жана алардын унаасы табылган.
Кийинчерээк бул оор кылмышка шектүү дагы 3 эркек киши кармалган болчу. Учурда 6 шектүү камакта сурак берип жатышат.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8197
Көп окулду
×