Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Осьминог» ресторанынын өрттөнүшү: 500 доллар бербегеним үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өрт коюшу мүмкүн, - ээси (видео, фото)

Turmush -  Бостери айылындагы «Осьминог» ресторанын ижарага алган А.Асхат өрттү уюшкан кылмыштуу топ коюшу мүмкүн деген версияны айтып жатат.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы Сталбек Усубакунов Turmush басылмасына билдиргендей, «Осьминог» ресторанындагы өрт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүгүнүн (мүлктү атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иш козголду.

«Учурда соттук-техникалык-өрт экспертизасы дайындалды. Анын жыйынтыгы менен өрттүн себеби аныкталат. Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүп, аталган аймактагы видеокамера текшерилип жана күбөлөр суралып жатат», - деди ал.

Мындан тышкары, С.Усубакунов ресторанды ижарага алган адам өрттү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коюшу мүмкүн экенин билдиргенин кошумчалады. «Ал 2017-жылы ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгы өзү берген арыздын негизинде уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсүн кармаганын билдирди. Аталган факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Биринчи май райондук соту уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсүн шарттуу түрдө кесүү чечимин чыгарган. Ресторанды ижарага алган адам алар ушуга байланыштуу өрт коюшу мүмкүн экенин айтып жатат. Бирок бул ал адамдын гана версиясы. Учурда тыкыр иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деди ал.

Turmush басылмасына «Осьминог» ресторанын ижарага алган А.Асхат 2016-жылы жубайы экөө аны 5 жылга бөлүп төлөө менен сатып алышканын билдирди.

«Ресторан жубайыма катталган. Бирок акчасын толугу менен төлөй элек болчубуз. Ресторандын мурдагы ээси менен болгон келишим боюнча 5 жылдын ичинде бардык сумманы төлөп бүтүрүүбүз керек. 2017-жылдын июль айында адаттагыдай эле иштеп жатканбыз. Белгисиз 2 адам келип, беделдүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жана Бостериге жаңы «смотрящий» М.А. болгонун айтышты. Алар менден 500 доллар талап кылышты. Эгер акча бербесем эмне болоорун сурадым. Алар ири өрт болгон «Асыл-Таш» пансионатын мисал келтиришип, «ресторан өрттөнүшү мүмкүн» дешти. УКМКнын Ысык-Көл районундагы бөлүмүнө аталган адамдарга чара көрүү боюнча арыз жаздым. УКМК ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгы менен бирге аларды кармап, сот дайындалды. Бирок муну сот процесси деп атоого болбойт, судьялар жөн эле отуруп алар менен тамашалашты. Бул убакта кармалган М.А. жана Р.У.нун жакындары келип, арызды алып, тосмо кат жазып берүүмдү суранышты. Тиешелүү органдар кафеге эч кандай зыян келбей турганына кепилдик беришип, аягына чейин баруу керектигин айтышты. Тосмо кат жазбай, алар мыйзамдын чегинде жазаланат деп күттүм. Жыйынтыгында 2017-жылдын ноябрында сот опузалап талап кылуу оор берене эмес экенин белгилеп, кармалгандардын бири буга чейин соттолгонуна карабастан аларды шарттуу түрдө кести», - деди А.Асхат.

А.Асхат өрт болгон түнү электрдик зымдардын биригиши же газ баллондордун жарылуусу болбогонун белгиледи. Ал белгисиз бирөөлөр терезеге өрт жандыра турган аралашма ыргытып жибериши мүмкүн деп болжолдоп жатат.

«Алар өрт жандыруучу аралашманы башка коттежддин тосмосунан ыргытышкан. Видео көзөмөл камерасынан өрт дароо жалбырттаганы көрүнүп турат. Аны 3 өрт өчүрүү бөлүм өчүрдү. Бирок ресторан жыгачтан курулганы үчүн толугу менен өрттөнүп, ошондой эле жанындагы коттеждерге жайылып кетти. Өрт өчүрүү кызматынын адистери дароо бул жерге атайлап өрт коюлганын айтышты», - деди ал.

Буга чейин ИИМдин ыкчам кызматы Ысык-Көл облусунун ишкерлеринен акча талап кылган кылмыш чөйрөсүндөгү беделдүү адамдарды кармоо операциясын жүргүзгөнү маалымдалган.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылдын август айынын башында милиция кызматкерлерине Бостери айылында белгисиз адамдар кылмыш чөйрөсүнүн башчылары экенин айтып, ишкерлерди коркутуп, акча алып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Белгисиз адамдар ишкерлерден 500 АКШ долларын талап кылышкандыгы айтылган.

Укук коргоо органдары мыйзамсыз акча алуу менен алектенген белгисиз адамдарды кармоо үчүн ыкчам издөө иштерин жүргүзүшкөн. ИИМ жана Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери август айынын ортосунда Бостери айылындагы тамактануучу жайлардын биринен мыйзамсыз акча алып жаткан жеринен Ысык-Көл районунун 1991-жылы туулган тургуну, крим чөйрөдө «смотрящий» макамына ээ М.А. жана ушул эле райондун 1992-жылы туулган тургуну У.Б. кармалган. Эки адам тең бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы аныкталды.

Айыпталуучуларга карата мыйзамсыз акча талап кылуу боюнча кылмыш иши козголуп, соттун токтому менен эки айга камакка алынган болчу.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Осьминог» рестораны толугу менен өрттөнүп кеткенин маалымдаган.

Күбөлөрдүн айтымында, саат 04:30 чамасында жарылуу угулган.

Райондук ички иштер башкармалыгы кечээ, 7-январда саат 04:45те нөөмөт бөлүмүнө Бостери айылынын Борбор конушундагы «Осьминог» ресторанынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин ыкчам иликтөө тобу жана Бостери айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Көңүл ачуучу жай Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 1988-жылы туулган тургуну А.Инаятка таандык.

ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-январда билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүм тартылды. Өрт саат 06:50дө чектөөгө алынып, саат 10:48де толук өчүрүлдү. Анын кесепетинен «Осьминог» ресторанынын имараты толугу менен күйүп кетти.

Өрт жанындагы мейманканаларга жайылган.

- 3 кабаттуу «Гринхаус» конок үйүнүн (жалпы аянты 1500 чарчы метр) 750 чарчы метр аянты өрткө дуушар болуп, 9 желим терезе, 8 диван, 8 эшик, 8 даана керебет, палас жана башкалар күйгөн. Конок үйү Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну Т.Кайратка таандык;

- 2 кабаттуу «Саябан» мейманканасынын 90 чарчы метр чатыры, 6 даана желим терезе, 6 эшик, муздаткыч, сыналгы, шкаф, 2 даана керебет жана башкалар күйгөн. Мейманкана Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну У.Эрнатка таандык.

Адамдар жаракат алган жок. Учурда чыгымдын суммасы эсептелип, соттук, өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

2012-жылы Limon.kg басылмасы Бостери айылындагы «Осьминог» лаунж-барынын долбоорунун автору Саламат Үсөналиев экенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1825
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×