Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Жеңеке: 24 жаштагы Динара мал союп, кайындарын таң калтырды (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун бул жолку каарманы — Кара-Кулжа районунда өсүп, Ош шаарына келин болгон Динара Абдимажит кызы. Ал мындан 2 ай мурда турмуш курду. Тойдон көп өтпөй мал союп жаткан кайын инисине жардамдашып, этти жиликтеп, бул өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырууда.

Шайыр жеңе менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«7-8-класста окуп жүргөндө мал сойгондорду карап туруп, мен да кызыкчумун. Апам кыздар мал сойгон жакка барбайт деп урушчу эле. Бирок ага карабай эле мал сойгондо карап турчумун. Үйгө коноктор көп келгендиктен көп мал союлуп, алардын баарын кылдат карап турчумун. Кийин агаларым жок учурда мал сойгонго аралашып жүрдүм. Бир ирет агамдын уулу мал союп баштаганда мен алып, аягына чейин кылдат союп көрдүм. Ошондон тартып кызыгуум артып, бул ишти толук үйрөндүм», - деди ал.

Жеңекенин бул өнөрүнө социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары да күбө болуп жатышат. Ал кой союп жаткан учурда тартылган сүрөттөрдү кайын иниси тараткан.

«Кайын иним кой союп жаткан эле. Анын жанына барып, мен да мал сойгонду биле турганымды айттым. Бирок ал ишенбестен мени сынап, суроо узатып кирди. Акыры ал койду мен союп, кайын инимди таң калтырдым. Биздин мелдештен улам андагы сүрөттөр социалдык тармактарга чыгып кетти. Жолдошум менин кой сойгонумду көрбөгөндүктөн башкалардан угуп таң калды», - деди Динара жеңеке.

Динара жеңе учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайда эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20139
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
praim
13:15, 09 января 2018
Азамат келин экенсин бактылуу бол тапкан жубаын менен. Сен эмес айрым кыргыздын жигиттери билбейт бул онорду ошолорго улгу бол.
Нет аватара
eddi8
14:56, 08 января 2018
Анча мынча эркектер деле мал соё албайт. Бул келин мыкты экен. Куйосун талаага калтырбаган мырза айым экен. Сулуусу да чуроктой.
Нет аватара
atlet
14:49, 08 января 2018
мына кыргыздын даана кызы! Азамат
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×