Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук С.Исмаилова катардагы келинден кантип ишкерге айланганын айтып берди (фото)

Turmush -  

Тоң районунун Шор-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Салкын Исмаилова кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын Японияга чейин экспорттойт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жылына 150 миң сомго чейин киреше табат.

«Мен Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында төрөлгөм, кийин Шор-Булак айылына келин болдум. 2004-жылдан баштап кол өнөрчүлүк менен алектенип баштадым. Аны айылдагы эжелерден эле үйрөндүм, таенем чебер киши болгондуктан да бул ишти бат эле өздөштүрүп кеттим. Үй-бүлөлүк бюджетке өз салымымды кошкум келгендиктен бул иш менен алектенип калдым.

Жүндөн түрдүү азем белектерди жасап, аларды жумушунун татаалдыгына жараша 150 сомдон 300 сомго чейин баалап сатам. Жасаган азем белектерди Японияга жөнөтөбүз. Өзүм «Бир айыл — бир продукт» ассоциациясынын мүчөсү болуп эмгектенем. Япониядан буйрутма түшкөндө биз жасап беребиз. Азем белектерди көбүнчө туристтер сатып алат. Бир айда 100гө чейин азем белек жасайм. Активдүү иштесем жылына 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин киреше табам. Эми үйдө бош отурган аялдардын баарын жумушка тартууну, үй-бүлөлүк бюджетти көбөйтүүнү пландам жатам. Мисалы бул иш аркылуу менин статусум көтөрүлдү. Катардагы келинден иштеген, акча тапкан, активдүү жашаган аялга айландым. Өзүмдү сыйлай баштадым. Эми жасаган азем белектерди бир гана Японияга эмес башка дагы өлкөлөргө сатууну максат кылып жатам», - деди ал.

Мындан тышкары, ал өзүн-өзү өнүктүрүүчү китептерди окуй турганын белгиледи.

«Айылдагы иш-чараларга активдүү катышып турам. Өзүм китеп окугандын сүйөм. Бош убакыт боло калса эле сүйүүктү авторумдун китебин барактай калам. "Жить без чтения опасно — человек вынужден окунуться в реальность, а это рискованно" дептир француз жазуучусу Мишель Уэльбек. Ошондуктан китеп окуу менен адамдын аң сезими, жашоого болгон көз карашы да өзгөрөт экен. Балдарымды дагы мектептен тышкаркы адабий китептерди окууга үндөйм. Алардын адептүү инсан болуп чоңоюшун тилейм», - дейт С.Исмаилова.

Ал эки уул, бир кыздын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6377
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×