Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.01.2018 11:43

Кара-көлдүк 10 окуучу Бишкектеги окуу борборунда жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатат

Turmush -  Кара-Көл шаарынын окуучулары быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө кызуу даярданып жатышат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, 18 окуучу Жалал-Абад шаарындагы жана 10 окуучу Бишкектеги окутуу борборлорунда тестирлөөгө даярданууда. Ошондой эле, 18 окуучу өз алдынча мугалимдер менен даярданып жатат.

«Окуучулар кышкы эс алуу учурунда билим деңгээлин көтөрүү максатында окуу борборлорго жөнөп кетишти. Алардын жол кире, жатакана акысы ата-энелер тарабынан каржыланат. Ушул чыгымдарды эске алып, окутуу борборлорун шаардык билим берүү бөлүмүнүн базасына акы төлөөнүүчү кылып ачууну пландап жатабыз. Бул боюнча шаардын мэри менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Анткени башка шаарларга барууга көп каражат жумшалып жатат. Эгер өзүбүздө окуу борборлору ачылса, ата-энелер аз чыгым сарпташмак. Ошондой эле, шаардагы билим сапаты да көтөрүлөт», - деди ал.

А.Мырзалиева белгилегендей, окуучунун жакшы окуусуна 40% ата-эненин жана 60% мугалимдин аракети талап кылынат.

«Лейлектеги мектеп-гимназиянын окуучулары жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 1-орунду ээлеп, мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жатышат. Бир класста 25 окуучу окуса алардын бардыгы тестирлөөдө жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Жетекчилик гимназияга окуучуну кабыл алаардан мурун ата-энесин тестирлөөдөн өткөрүп, жыйынтыгы жакшы болсо гана алат экен. Ошондой эле, энелер мектебин ачып, окутуп келишет. Мен алардын ийгилигинин сыры ошондо деп ойлойм. Анткени окуучунун жакшы окуусуна 40% ата-эненин жана 60% мугалимдин аракети талап кылынат.

Жакында аталган мектеп-гимназиянын директорун чакырып, жүрүм-турумунда көйгөй бар болгон, начар окуган окуучуларга жана алардын ата-энелерине семинар өтөлү деп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×