Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Дизайнер-куруучу Бакыт мал чарбачылыгы менен алектенип, өз кесибин үйүнөн аркалап жатат (фото)

Turmush -  Чүйдүн Панфилов районунун 27 жаштагы тургуну Темиркул уулу Бакыт айылда мал чарбачылыгы менен алектенип, өзүнүн кесибин да үйүнөн аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Темиркул уулу Бакыт мектепти аяктагандан кийин Бишкек архитектура, менеджмент жана курулуш колледжинде окуган. Аны аяктаган соң Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетине тапшырган.

«Негизги кесибим дизайнер-куруучу. Бирок тажрыйбаны атайын студиялардан алдым. Албетте, дизайнерлер кѳп түргѳ бѳлүнѳт эмеспи. Учурда 3D визуализация, CGI тармактарында эмгектенип келем. Визуализациянын жаралганына аз эле убакыт болду. Болжол менен 8-10 жыл болду окшойт. Визуализациянын милдети — дизайнерлер жана куруучулар өз долбоорлорун буйрутма берген адамга кѳрсѳткѳндѳ, алардын чиймелерине ар бир эле адам түшүнө бербейт. Ошого ылайыкталып чыгарылган кесип. 3D визуализация кадимкидей эле фотоаппаратка тарткан сүрѳткѳ окшош. Мен үйдѳн аларды 3ds Max, Cinema4d, Adobe Photoshop, SketchUp дагы кѳптѳгѳн башка компьютердик программалардын жардамы менен жасап келем. Ошол эле маалда короодо мал чарба кармап, 2 гектар жерде дыйканчылык кылам. Ата-энемдин жалгыз уулу болгондуктан айылга келүүгѳ туура келген. 2014-жылга чейин шаарда фирмаларда эмгектендим. Айылга былтыркы жылы жай мезгилинде келгем», - деди ал.

Бакыт өзүнүн кесибинин артыкчылыктары көп экендигин белгиледи.

«Өзүмдүн кесибим абдан жагат. Анын артыкчылыгы кѳп. Ал эми кемчилиги жылбай компьютерди тиктеп отурганыңда. Мени менен иштеген куруучулар жана дизайнерлер жасаган жумуштарымдын сапатын абдан баалашат, ошондуктан буйрутмалар дайыма болуп турат. Бир үйдүн (200-300 чарчы метр) ички интерьерин жана сырткы экстерьерин 2 жумада бүтѳ алам. Интерьердин бир чарчы метри 3-4 доллардан ѳйдѳ болсо, сырткы экстерьери 300 доллар болот», - деди ал.

Темиркул уулу Бакыт 1990-жылы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында тѳрѳлгѳн.

«Үй-бүлѳдѳ 2 бир туугандын улуусумун. Менден кийин карындашым бар. Учурда ата-энем менен чогуу турабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 637
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×