Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Айыл турмушу: Таластык Э.Аскарбекова 32 жылдан бери дарыгер болуп эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 52 жаштагы тургуну Элмира Аскарбекова 32 жылдан бери №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Бакайыр айылыныда чоңойгон. 1983 жылы Талас медициналык окуу жайына тапшырып, 1985-жылы аяктаган. Азыркы учурда Талас районунун Жоон-Арык айылында жайгашкан №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болуп иштейт.

«Эмгектенип жатканыма 32 жылдын жүзү болду. Биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 1 башкы дарыгер, 1 башкы медайым, 4 жөнөкөй дарыгер эмгектенет. Эмгегимдин арты менен көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Кесибим өзүмө жагат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жолдошу Мукталы Аскарбеков менен ал ооруканага жатып калган учурда таанышкандыгын кошумчалады.

«Таластагы ооруканалардын биринде практикада жүргөн кезим эле. Мукталы ошол ооруканага жатып калып, таанышып калдым. 1 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 1985-жылы 3-июлда баш коштук.
Келин болуп келгенден кийин бир күнү камыр ачыттым. Ага ачыткыч кошууну унутуп коюптурмун. Камырым ачыбай, кайын энеме көрсөтпөй короого бекитип, 10 күн уйга бергеним эсимде. Үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу эне, бактылуу жубай болдум», - деди ал.

Элмира Аскарбекова 2 уул, 1 кыз, 3 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1329
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×