Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Жумакан апа Көчмөндөр оюндарына катышууга чакыруу алды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 67 жаштагы тургуну Жумакан Исабекова 50 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Боо-терек айылында чоңойгон. Кол өнөрчүлүктү апасы үйрөткөн.

«1967-жылы Таласта тигүү цехинде иштегем. Ал учурда ар кандай кийимдерди тикчүбүз. 1968-жылы Аманбаев айылына келин болуп баргам. Ошол жылдан баштап жеке кол өнөрчүлүк менен алектенип, сайма сайып, боз үйгө керектүү буюмдарды жасап баштадым. Учурда «Кийиз» коомунун мүчөсүмүн. Ал коомдо 7 облустун эң мыкты деген кол өнөрчүлөрү бар.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарына катышкам. Буйруса бул жылы да боло турган оюндарга да катышууга чакыруу алдым. Ага карата боз үй жасап жатам. Ички-тышкы жасалгаларынын бүт баарысын өз колум менен жасап жатам. Кол өнөрчүлүктүн аркасы менен көп сыйлыктарга ээ болдум», - деди ал.

Жумакан апа 7 баланы чоңойткон «Баатыр эне».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1885
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 21 адам окуп жатат)
×