Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Видео - Нарындыктар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды башташты (салбурундан фоторепортаж)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында 2018-жылы өтө турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык катары салбурун өткөрүлдү. Кечээ, 7-январдагы оюнга аймактык кабарчы да күбө болду.

Салбурун «Теңир-Тоо салбурунчулары» тарабынан уюштурулганын уюмдун өкүлү Муратбек Өмүралиев билдирди.

«III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатабыз. Бүгүн салбурундун 6 түрү боюнча оюндарды өткөрдүк. Алардын ичинен бүркүт салуу, тайгандарга тийиштүү оюндарды жана жаа атуу боюнча оюндар болду. Жалпысынан облус боюнча 25 тайган, куш, бүркүт жана ителги кармаган мүнүшкөрлөр келишти. Салбурун оюндарынын жеңүүчүлөрүнө диплом, ардак грамота жана ыраазычылык каттар берилди», - деди М.Өмүралиев.

Ошондой эле, мындай оюндар ушул жылдын жаз айларында дагы өткөрүлө турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3348
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×