Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк уста М.Зайцев 7 миң долларлык эмеректерди жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 23 жаштагы тургуну Максим Зайцев эмерек жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Москва районундагы №2 мектеп-гимназияны аяктагандан кийин эмерек жана анын дизайнын жасоо боюнча Бишкек шаарындагы окуу жайды бүтүрдүм. Окуп жүргөндө практика учурунда эмерек жасоочу ишканалар мени таанып калышты. Диплом алгандан кийин жумушка орношуу кыйынчылык жараткан жок. Ар кандай эмерек жасоочу ишканаларда эмгектендим. Учурда өз алдымча кардар кабыл алып, эмеректерди жасап жатам. Негизи көбүнчө ашкана эмеректерин жасайм. Алар 3 миң доллардан 7 миң долларга чейин бааланат. Эмеректердин баасына жараша сапаты да жакшы болот. Кардарлардын оюндагыдай мыкты эмеректерди жасап берүүгө аракет кылам», - деди ал.

Максим Зайцев 1994-жылы Москва районунун Беловодск айылында төрөлгөн.

«Учурда апам жана иним менен жашап жатат. Үй-бүлө кура элекмин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1660
Көп окулду
×