Turmush - Бүгүн, 6-январда бокс боюнча окуучулар арасындагы Ош облусунун биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган мелдештин калыстарынын бири Абдыганы Өмүрзак уулу билдирди.
Анын айтымында, бокс боюнча Ош облусунун биринчилиги 3 күндөн бери болуп, бүгүн жыйынтыкталды.
«Бокс боюнча мелдешке Кара-Суу районунан, Мырзаке айылынан, Араван районунан, Шарк айыл өкмөтүнөн, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн жалпы 68 мушкер катышты. Алар 42 килограммдан баштап, 85 килограммга чейин рингде күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр медаль жана грамоталар менен сыйланышты», - деди ал.
Ош облусунун биринчилигинде жеңүүчү болгон мушкерлер, республикалык мелдешке жолдомо алышты.