
Turmush - Ош облусунун Кара-Суу районунда бир үй-бүлө истүү газга ууланды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бүгүн, 6-январда саат 08:00 чамасында райондук ооруканага 3 адам жеткирилген. Алар:
- 1946-жылы туулган А.Т., Ак-Таш айылынын тургуну;
- 1976-жылы туулган М.З., Ак-Таш айылынын тургуну;
- 2001-жылы туулган М.Ю., Ак-Таш айылынын тургуну;
Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылды.