Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык Р. Илхамжанов устачылык кылып, күнүнө 1000 сомдон табат (фото)

Turmush -  

Кызыл-Кыя шаарынын 40 жаштагы тургуну Раимжан Илхамжанов 12 жашынан бери темир устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ата кесибин улап, устачылыкты 12 жашынан тарта үйрөнө баштаган. Учурда Кызыл-Кыя шаарынын борбордук базарында чакан устакана ачып, темирден турмуш-тиричиликке колдонуучу кетмен, така, орок, күрөк, балта, казык жана башка темир буюмдарды жасап сатат. Күнүнө 1000 сомдон кем эмес акча табат.

«Атам, атамдын атасы болуп 11-атамдан бери темир уста болушкан. Алардын кесибин улай мен да темир уста болдум. 12 жашымда устачылыкка киришкем. Ушул убакка чейин 6 шакирт тарбияладым», - деди ал.

Уста күнүнө 10го жакын темир буюм жасайт. Атка 4 така жасоо үчүн 1 саат убакыт коротот.

«Өз ишин билбеген адамда гана жумушунда көйгөй болот. Мен өз ишимди мыкты өздөштүргөндүктөн көйгөй жаралбайт. Темирден буюм жасоо үчүн от менен иштейбиз. Темирди чокко кызытып, жасалчу буюмдун формасына келтиребиз. Мында кылдат мамиле жасабаса ишиң ойдогудай жыйынтык бербейт», - деди уста.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3255
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×