Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 05.01.2018 11:08

Окуучулар арасында салтка айланган «Бурганак» турнири өтүп жатат

Turmush -  Ош шаарында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин жогорку класстардагы окуучуларынын арасында кышкы эс алууга арналган «Бурганак» турнири өтүп жатат. Волейбол боюнча турнирде балдардын 13 командасы, кыздардан куралган 9 команда күч сынашууда.

Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Токтосун Камчыбековдун айтымында, аталган турнир жылына окуучулар эс алган учурда 3 жолу өткөрүлөт. Жеңүүчү командалар республикалык турнирлерге катышууга жолдомо алышат.

Мелдешти өткөрүүнүн максаты — мыкты оюнчуларды тандоо жана машыктыруучулардын ишин баалоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×