Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Француз жигити Георгий кыргыз кызга үйлөнүп, ислам динин кабыл алууга даяр (фото)

Turmush -  Фанциянын Париж шаарынан келген 25 жаштагы Георгий (Gueorgui Mory) учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Шапак айылында жашап жатат. Аймактык кабарчы чет элдик конок менен таанышты.

Шапак айылынын тургуну Адилет Апазовдун айтымында, Георгий кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын изилдөөгө абдан кызыкдар.

«Георгий кыргыз элинин кандай каада-салттары бар экенин изилдеп, аларды жакшы билип калды. Ал кыргыз эли байыркы эл экенин айтып, биздин меймандостугубузду абдан баалайт. Өзү тарыхка абдан кызыккандыктан биздин элдин тарыхын изилдеп, маалыматтарды чогултууда. Учурда биз менен жашап жатат. Ал ошондой эле Кыргызстандын бир катар кооз жерлерин көрүп, абдан суктанды», - дейт А.Апазов.

Ал эми Георгий кыргыз кызына үйлөнүүгө жана ислам динин кабыл алууга даяр экенин белгиледи.

«Кыргыз кыздары табигый сулуу болушат экен. Чачтарын узун кылып өстүргөнүнө абдан баа бердим. Эми өзүмө жаккан кызды жолуктурсам ислам динин кабыл алып, үйлөнүүгө даярмын», - дейт ал.

Георгий жума намаздарга барып, имамдардан намаз окуунун ыкмаларын үйрөнүп жаткандыгын жана ислам динин кабыл алууга даяр экенин досу Адилет белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4889
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×