Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Айыл турмушу: Шекерлик К.Бекманбетова 33 жылдан бери адамдардын ден соолугун коргоп келет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 55 жаштагы тургуну Кундуз Бекманбетова 33 жылдан бери үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда мээрман айым болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Шекер айылында чоңойгон. 1981-жылы Талас медициналык колледжине кирип, 1983-жылы мээрман айым адистигин алып чыккан. 33 жылдын ичинде көптөгөн сыйлыктарды алган.

«Окууну бүтүп, 2 жыл Кара-Буурадагы ооруканада иштедим. 1985-жылы Шекер үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө которулуп, азыркы күнгө чейин эмгектенип келе жатам. Эң биринчи иштеп баштаганда кыйналган күндөрүм көп болду. Бизде дарыгерлердин жоктугуна байланыштуу көбүнчө түнкү чакырууларга чыгабыз. Аларга биринчи тез жардам көргөзүү керек. Кан басымдары көтөрүлүп кетсе күрөө тамырларына ийне сайыш керек. Көбүнчө кичине балдарга ийне сайганда кан тамырларын таппай кыйналчумун. Жумушубуз ооруканада иштегенге караганда оор келет. Анткени төрөт үйүнөн чыгып келген баладан тарт, картайып калган кемпир-чалга чейин биздин көзөмөлүбүздө болуп турушат.

Ар бир жаш куракта жасалуучу эмдөөлөрдү дагы биз жүргүзөбүз. Кош бойлуу келиндер каттоого тургандан баштап төрөт үчүн ооруканага барганга чейин биздин көзөмөлдө болушат. Анализдерин бизге тапшырышат. Азыркы учурда Шекерде 2 дарыгер бар. Бирөөсү Грозный айылынан 3-6-күндөрү келсе, шекерлик дарыгер 2-5-күндөрү түшкө чейин бейтаптарды текшерет. Андан кийинки жумуштарды биз аткарабыз», - деди ал.

Мээрман айым 5 бала, 7 неберенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2151
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×