Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: 37 жыл мугалим болгон А.Абылгазиева жүздөгөн балдарды окуткан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 61 жаштагы тургуну Адия Абылгазиева 37 жылдан бери тарыхчы мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Жети-Өгүз районунун Тосор айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1979-жылы октябрь айында Шекер айылына келин болуп келип, мугалим болуп иштей баштаган. Эмгек жолунда 2 жолу мектеп директору болду.

«1983-жылы Көк-Сай айылындагы орто мектепке директор болуп дайындалдым. Ал жерден үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 1991-жылы Шекерге которулдум. Шекердеги мектепте 2006-жылдан 2013-жылга чейин директор болуп иштедим. Кийинчерээк пенсияга чыктым. 2017-жылы ордумду бошотуп, азыркы учурда Аманбаев айылындагы билимканада орус тилинен сабак берип жатам. Мектептен алган сыйлыктарым көп болду. Окуткан окуучуларымды азыркы күнгө чейин унуткан жокмун», - деди ал.

Мугалим 3 уул, 1 кыз жана 7 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 619
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×