Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ысык-Көл

Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча Азия Кубогу өтөт

Turmush -  Кыргызстан 2018-жылы биринчи жолу дзюдо боюнча Азия Кубогунун этабын кабыл алат.

Эл аралык дзюдо федерациясынын маалыматына караганда, 23-24-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаштар арасында Азия Кубогунун этабы өтөт.

Улуттук дзюдо федерациясы Sport АКИpress басылмасына билдиргендей, 2017-жылы Кыргызстан тарыхта биринчи жолу жаштар арасында Азия чемпионатын өткөрдү. «Дзюдо боюнча Азия федерациясы бул фактыны белгилеп жана Азия Кубогунун этабын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берди», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, 2018-жылы Аргентинада жаштар арасындагы жайкы Олимпиада оюндары болот.

«Эл аралык федерация бүткүл дүйнө жүзү боюнча континенттик кубоктун упайларын ойнотот. Ушул упайлардын негизинде спортчуларга жаштар арасындагы олимпиадага жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Ысык-Көлдөгү Азия Кубогу ушул турнирлердин тизмесине кирүүсүн каалайбыз», - деп белгиледи федерация.

2018-жылы дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия Кубогунун этабы Кыргызстанда, Өзбекстанда, Гонконгдо жана Макаодо өтөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1665
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×