Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Алайлык классташтар көк бөрүнүн байгесине 3 автоунаа, тай коюшту

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында байгеге 3 автоунаа, 5 тай, 450 миң сом коюлган көк бөрү мелдеши өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Азим Самиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мындай көк бөрү оюну жыл сайын уюштурулат. Бул жолку мелдеште 27 команда ат салышып жатат.

«Көк бөрү кечээ, 3-январь күнү башталган. Бүгүн жарым финал болот. Мелдештин байгесине 2 унаа, 2 тай, 2 муздаткыч, тиричилик техникалары даярдалган. Ал эми эртең аламан байге болот. Ага Алай району боюнча улакчылар келип катышат. Аламан байгенин жеңүүчүлөрүнө 1 унаа, 3 тай жана тиричилик техникалары белекке берилет», - деди А.Самиев.

Салтка айланган бул мелдешти былтыр гүлчөлүк жигиттер уюштурган. Быйылкы кезек 1982-жылы төрөлгөн жигиттерге жетип, эстафетаны алардан бир жаш кичүү жигиттер алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3289
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×