Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Шекерлик М.Кылычбаева элетте 22 жылдан бери дарыгер болуп иштейт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 42 жаштагы тургуну Медина Кылычбаева 22 жылдан бери үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүндө эмгектенип келет. Аймактык кабарчы дарыгер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында чоңойгон.

«1993-жылы мектепти аяктап, Талас шаарындагы медициналык окуу жайга тапшыргам. Ал жерден 1995-жылы мээрман айым адистигин алып чыккам. Ошол эле жылы Шекер айылына келин болуп келип, айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүндө мээрман айым болуп ишке кирип, ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатам.

Алгач кыйналган күндөрүм көп болду. Бейтаптардын кан тамырларына ийне сайганда кыйналчумун. Өзгөчө бөбөктөрдүн кан тамырын табуу кыйын. Андайда уулу эжелерден жардам сурап калчубуз. Азыр тажрыйба топтоп, үзгүлтүксүз иштеп келе жатабыз», - деди ал.

Мээрман айым 4 уул, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 640
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×