Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Элдик уламыш: Кытай менен чектешкен Нура айылын соодагерлер «Нур чагылган жер» деп аташкан

Turmush -  Алай районуна караштуу Нура айылынын тарыхына байланыштуу эки түрдүү версия айтылып келет. Алар тууралуу Ысакбек Монуев атындагы орто мектептин тарых мугалими Гүлера Белекова айтып берди.

«Нура айылы боюнча ар түрдүү версиялар бар. Азыркыга чейин айылыбыздын жогору жагындагы жылгада карагайлар өсөт. Ошондон улам айылыбыз Карагай Чаты деп аталып жүргөн деген уламыш бар. Бул да туура деп ойлойм», - дейт ал.

Экинчи божомол — Кытай менен чектешкен Нура айылы Жибек Жолунда жайгашкандыктан кербен тарткан соодагерлер тарабынан Нура деп аталып калган.

«Айылдагы санжырачы аксакалдардын көзү өтүп кетти. Алардан бир аз маалыматтарды угуп калдым. Нура айылынын аталышы боюнча мен билген дагы бир версия бар.

Илгери биздин айыл аркылуу Кытайга соода кербендери өтчү экен. Нура деген аталыш ушул кербенчилер тарабынан ыйгарылып калган дешет. Алар бири-бири менен байланышта болушуп, кат аркылуу кайсыл жерге келгендиги тууралуу билип турушкан. Ошол убакта биздин чөлкөмгө келгенде, "нур чагылган жерге жеттим” деп айтышчу экен. “Нур чагылган жер” деген аталыштан улам орустар тарабынан Нура деп аталып калган дешет», - деди Г.Белекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1627
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×