Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Өмүрбек Бабановдун парламенттеги ордун ким ээлейт?

Turmush -  Өмүрбек Бабановдун Жогорку Кеңештеги ордун Абдыбек Дүйшалиев ээлеши мүмкүн. Бул маалыматты АКИpress агенттигине БШКдан билдиришти.

«Азырынча Өмүрбек Бабановдон БШКга депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз бериле элек. Тизмедеги кийинки катардагы талапкер — Дюшалиев», - деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.

«Республика – Ата Журт» партиясынын 2015-жылдагы тизмесинде Дүйшалиев Абдыбек Кашымбекович депутаттыкка талапкер болгон. Ал мурда Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук курам департаментинин директору болуп эмгектенген.

Абдыбек Дюшалиев

Өмүрбек Бабанов депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткону тууралуу 2017-жылдын 30-декабрында жарыялады.

«Президенттик шайлоого чейин эле өзүмдүн командама эгерде элдин көпчүлүк добушуна ээ болбосом саясаттан кетүүгө сөз бергем. Мен саясаттан, партиядан кеткенимди жарыялайм.

Бул оңой эмес жана оор чечим болду. Бирок бул жаралган кырдаалдагы туура болгон бирден-бир чечим деп эсептейм. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештеги депутаттык ыйгарым укуктарымды токтотконумду жарыялайм. Биздин партиянын тизмесиндеги башка талапкерлер үчүн да депутат болуу мүмкүнчүлүгү берилишин каалайм. Бул акыйкаттуу», - деп айтылат билдирүүcүндө.

Өмүрбек Бабанов саясаттан жана парламенттен биротоло кеткени тууралуу кайрылуусу толугу менен бул шилтемеде.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3640
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×