Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Талас облусу, Талас 04.01.2018 12:20

Таластык 6 өспүрүм футбол боюнча өлкөнүн курама командасына кошулду

Turmush -  Таластык 13 жаштагы Бакдөөлөт Төрөбеков, Калыбек уулу Дастан жана Жеңишбек Замирбеков Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасына кирди. Бул тууралуу машыктыруучусу Гамзат Артисбек уулу билдирди.

«Бул балдар менде 2-классынан бери машыгып, футбол ойношот. Учурда 7-класста окушат. Үчөө тең Талас шаарынын тургундары. 2017-жылы Кыргызстандын курама командасына ар кандай курактагы 6 баланы бердик. Мындай ийгилик 25 жылдан бери боло элек болчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×