Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте эң сулуу студент кыз жана эң сулуу окуучулар аныкталды (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында 30-декабрь күнү 3 сулуулар сынагы өтүп, мыктылардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталды. «Университет сулуусу 2017» жана мектеп окуучулары арасындагы «Мистер Бишкек 2017», «Мисс Бишкек 2017» сулуулар сынактарына тандоо турлары өткөрүлүп, мыктылар финалга жолдомо алышкан эле.

Сынактын жыйынтыгы менен И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти — 20 жаштагы Нураида Маматалиева эң сулуу студент кыз деп табылды.

Нураида Маматалиева

Ошондой эле, окуучу кыздар арасында №4 мектеп-гимназиянын окуучусу — 16 жаштагы Камила Абдысатарова жеңүүчү болду. Ал эми, 16 жаштагы Бекзат Эрнисбеков мектеп окуучулары арасындагы «Мистер Бишкек 2017» сынагынын жеңүүчүсү аталды. Ал Билим берүүдөгү заманбап информациялык технология институтуна караштуу колледждин студенти.

Жеңүүчүлөр баалуу белектерге жана дипломдорго ээ болушту. Эми Нураида Маматалиева студенттер аарсындагы эл аралык World Miss University сынагына Кыргызстандын атынан катышат.

Солдон оңго: Нураида Маматалиева, Бекзат Эрнисбеков жана Камила Абдысатарова

Нураида Маматалиева, Бекзат Эрнисбеков и Камила Абдысатарова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 852
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×