Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 04.01.2018 09:58 На русском

Жогорку Кеңешке Ж.Калмаматовдун ордуна келе турган болжолдуу талапкерлер

Turmush -  Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» фракциясынан Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келе турган болжолдуу 2 талапкердин аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.

«Азырынча Жыргалбек Айтиевичтин ордуна ким келээрин айтуу эрте. Бирок тизме боюнча Насыр Мусаев жана Руслан Чойбеков турат», - деп айтылат маалыматта.

Ж.Калмаматов 45 жашында 1-январь күнү инфаркт оорусунан улам каза болгон. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-январда Алай районунун Гүлчө айылында болду.

Маркумдун артында жубайы жана 9 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×