Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Нарын

Ак-Жардын жаштары жакшы окуган 16 окуучуга акчалай сыйлык тапшырышты (фото, видео)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын жаштары Жаналы уулу Абдрахман атындагы орто мектебинин 16 окуучусуна акчалай сыйлык, баалуу белек жана грамота тапшырышты. Бул тууралуу айылдын жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Максат Алмакунов билдирди.

Анын айтымында, айылдык жаштар тарабынан 8-11-класстарда окуган окуучуларга 300 сомдон акчалай сыйлык, 250 сомдук баалуу белек жана ардак грамота салтанаттуу түрдө тапшырылды. Алардын арасында окуунун мыктылары, ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү жана коомдук иште өздөрүн активдүү көрсөткөндөр бар.

«Бул жарым жылдын жыйынтыгы менен берилип жатат, окуу жылынын аягында дагы тапшырылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1567
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×