Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.01.2018 08:28

Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп И.Иманалиев шайланды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Иличбек Иманалиев шайланды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Аскат Эрменкан уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 29-декабрында Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына 5 талапкер ат салышкан. Алар — Майрамкүл Орозобекова, Адилет Акматов, Алмаз Белеков, Иличбек Иманалиев жана Аскат Эрменкан уулу. Айыл өкмөт башчысын шайлоо 2 тур менен өтүп, 2-турга И.Иманалиев менен А.Акматов чыгышкан. Шайлоонун жыйынтыгында 6 депутаттын колдоосу менен И.Иманалиев айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Мурунку айыл өкмөт башчысы Өмүркул Бозалаев ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырып берген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×