Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 03.01.2018 21:40

Бишкекте балдар жана майыптар арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Turmush -  Бишкек шаарында 4-январда балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.

FOFINGO медиакомпаниясынын маалыматына караганда, чемпионатта 7 жаш категория боюнча жалпы 14 топтом медаль ойнотулат (6 жашка чейин, 8 жашка чейин, 10 жашка чейин, 12 жашка чейин, 14 жашка чейин, 16 жашка чейин жана 18 жашка чейин). Турнир эл аралык шахмат федерациясынын эрежелерине ылайык швейцариялык система менен (9 тур) өткөрүлөт.

Маалыматта белгиленгендей, жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундарга ээ болгондорду сыйлоо аземин 12-январда өткөрүү пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×