Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.12.2017 15:22

Өмүрбек Бабановдун саясаттан жана парламенттен биротоло кеткени тууралуу кайрылуусу

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов парламенттеги жана саясаттагы ишмердүүлүгүн биротоло токтотконун бүгүн, 30-декабрда жар салды.

Өмүрбек Бабановдун кайрылуусу:

«Кымбаттуу мекендештерим! Урматтуу Кыргызстандыктарым!

Сиздерге мени колдоп, түшүнүп келгениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Кыргызстаныбызда демократиянын жана атаандаштыктын негизинде президенттик шайлоо өткөнүнө ар бирибиз күбө болдук. Буга, өлкөбүздөгү стабилдүүлүк менен тынчтыкты чыңдоодо экс-президент А.Ш.Атамбаевдин салымы чоң.

Өлкөбүз эч качан тайбай турган өзгөрүү жолуна түштү. Программабыз менен ишке ашкан реформаларыбыз элимдин колдоосуна ээ болгонуна сыймыктанам. Өзгөртүүгө арналган максатымды аягына чыгара албаганыма гана өкүнөм. Бул менин кемчилигим.

Ошондуктан мага үмүт арткан ар бир шайлоочумдан кечирим сурайм. Кимдир бирөөгө катуу айтсам, капа кылсам, мени кечиргиле. Даанышман элим бардыгын түшүнүп турат, жасаган иштерибизге келечекте тарых өз баасын берет.

Сиздердин колдооңуздар менен биз күчтүү партия түздүк, элибизге өзгөрүү демин алып келдик. Мамлекеттик аппаратты эффективдүү жана заманбап иштөөгө үйрөтө алдык. Ар бир иштеген ишимде акыйкаттык, чынчылдык менен элиме кызмат кылдым.

Элимдин көпчүлүгүнүн добушуна ээ болбой калсам, мен саясаттан кетем деп президенттик шайлоого чейин өз командамдын алдында сөз бергем.

Кымбаттуу Кыргызстандыктарым, жогоруда белгиленген шарттарга ылайык мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат.

Өзгөчө ыраазычылыгымды ооматта да, оор учурда да мага ишеним көрсөткөн, мени колдогон командама, партиялаштарыма жана тарапташтарыма билдирем. Бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырам, себеби биздин жалгыз гана мекенибиз бар, ал эми ар бирибиздин тилегибиз — өлкөбүздүн бакубаттуулугу.

Менин командам менен колдоочуларымды саясий куугунтуктун куралы катары колдонулбашын суранам. Эгер мен тараптан кандайдыр бир саясий ката кетсе, ал үчүн жеке мен жооптуумун.

Кыргызстан үчүн кызмат кылуучу мекенчил адистер биздин партиябыздын катарында арбын. Саясатчылар келет-кетет, эл — түбөлүк. Генералдын катасы үчүн катардагы аскер жоопкер эмес. Мамлекетибизге ар бир мекенчил ишмер маанилүү. Кезеги келгенде ар бирибиз өз кемчилигибизди моюнга алып, өлкөнүн алдыга өнүгүшүнө жол бошотушубуз керек. Андыктан мен элимдин өсүп-өнүгүшүн каалайм. Кыргызстан сөзсүз түрдө чоң экономикалык секирик жасаарына ишенем, биздин алдыңкы уникалдуу өлкөбүзгө дүйнө таң калган мезгил келет.

Жакынкы келечекте элибизге, Кыргызстаныбызга саясий кызыкчылыгым жок жардам көрсөтүү үчүн чоң максаттарды алдыма койдум. Алар ­— чет өлкөдөн инвестицияларды, алдыңкы дүйнөлүк технологияларды өлкөбүзгө тартып келүүдө, элибиздин социалдык жашоо абалын жакшыртууда, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жана кайрымдуулук көрсөтүүдө.

Мен өз өлкөмдү, элимди сүйөм. Балдарым менен неберелеримдин Кыргызстанда жашашын каалайм.
Кыргызстаныма мен ар дайым кызмат кылам, жардам берем. Ар бирибиз өз өлкөбүздө, өз элибиздин жанында гана бактылуу боло алабыз!».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×