Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Чүй

Өмүрбек Бабанов депутаттыктан баш тартып, саясаттан кете турганын жарыялады

Turmush -  Өмүрбек Бабанов депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу анын штабы тараткан маалыматта айтылды.

«Президенттик шайлоого чейин эле өзүмдүн командама эгерде элдин көпчүлүк добушуна ээ болбосом саясаттан кетүүгө сөз бергем. Мен саясаттан, партиядан кеткенимди жарыялайм.

Бул оңой эмес жана оор чечим болду. Бирок бул жаралган кырдаалдагы туура болгон бирден-бир чечим деп эсептейм. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештеги депутаттык ыйгарым укуктарымды токтотконумду жарыялайм. Биздин партиянын тизмесиндеги башка талапкерлер үчүн да депутат болуу мүмкүнчүлүгү берилишин каалайм. Бул акыйкаттуу», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, ал өлкөнүн жаңы президентин шайлоо демократия жолу менен өткөнүн айтканы маалымдалган.

«Кыргызстанда президенттик шайлоо демократиялуу, атаандаштыкта өттү. Бул өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөөгө чоң салым кошкон экс-президент А.Ш.Атамбаевдин эмгеги», - деп айтылат билдирүүдө.

Кийинчерээк Өмүрбек Бабанов саясаттан жана парламенттен биротоло кеткени тууралуу кайрылуусун жарыялады (кайрылуу толугу менен бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14510
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×