Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Нарында биринчи жолу ачылган гемодиализ бөлүмү алгачкы бейтаптарды дарылоодон өткөрдү (фото)

Turmush -  Нарын шаарында облустук бириктирилген ооруканасынын алдында гемодиализ бөлүмү ачылды. Оорукананын директору Мурат Атбаевдин айтымында, бул бөлүм Нарында биринчи жолу ишке берилип, алгачкы үч бейтап дарылоо курсунан өтүштү.

Бөлүмгө Япония өлкөсүнөн 8,5 млн сомго грант түрүндө алты жабдык алынып келген. Ошондой эле, Германия өлкөсүнөн 5 млн сомдук керектүү жабдыктарды алып келген адистер жергиликтүү адистерге бир жума бою окуу уюштурушту.

Бөлүмдү керектүү дары-дармектер менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги камсыздайт. Бейтаптарды дарылоо үчүн 1 дарыгер, 4 медициналык кызматкер Бишкек шаарынан билимин жогорулатып келишти. Учурда бөлүмдө 18 медициналык кызматкер эмгектенип жатат.

Гемодиализ бөлүмүн ачуу салтанаты кечээ, 29-декабрда өткөрүлүп, ага өкмөт башчы Сапар Исаков да катышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2815
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×