Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Ак-Талаада «Акимдин кубогу» спорттук мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Акимдин кубогу» аталыштагы мекеме-ишканалар арасында өткөрүлгөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мындан 2 жума мурун аталган спорттук мелдеш мекеме-ишканалардын арасында өткөрүлгөн. Ал эми мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 27-декабрь күнү болду.

Шахмат боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду Керимбек Молдалиев;

- 2-орунду Жыргалбек Апасов;

- 3-орунду Канат Эсенбаев ээледи.

Волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду райондук билим берүүнүн командасы;

- 2-орунду райондук электр тармагынын командасы;

- 3-орунду райондук ички иштер бөлүмүнүн командасы камсыздаса, «Мыкты оюнчу» наамы менен Медарис Кайыпбек уулу жана Уран Таалайбек уулу сыйланышты.

Кичи футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду прокуратуранын командасы;

- 2-орунду билим берүү бөлүмүнүн командасы;

- 3-орунду балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы ээлешсе, «Мыкты оюнчу» наамы менен Нурбек Сапаралиев жана Чолпонбек Түкүев сыйланышты.

Жеңүүчүлөргө диплом, кубок жана акчалай байгелер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1433
Көп окулду
×