Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Футзал боюнча Нарын облусунун кубогунун жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында өткөн футзал боюнча Нарын облусунун кубогунун биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы Элзар Мусаев билдирди.

Маалым болгондой, футзал боюнча Кыргыз Республикасынын кубогунун алкагында Нарын облусунун кубогу өтүп, ага 14 команда катышты. Командалар 4 топко бөлүнүп, мелдеш өткөрүштү. Андан соң топтордун жеңүүчүлөрү эки оюн өткөрүшүп, кубок үчүн финалдык беттеш болду. Анда «Чыгыш электр» командасы менен Нарын ОИИБдин командасы күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында «Чыгыш электр» командасы жеңишти камсыз кылып, Нарын облусунун чемпиону болду. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, кубок жана медалдар тапшырылды. Ал эми Аманкожев Мирлан «Мыкты чабуулчу», Жумакадыров Дастан «Мыкты дарбазачы», Кубанычбеков Марат «Мыкты оюнчу» наамдарын алып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×