Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Төлөйкөндө жергиликтүү бюджетке мектептин 420 орундуу имараты курулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 420 орундуу мектептин имаратынын ачылышы болду. Ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана мектеп жамааты катышты.

№99 Нурланбек Сайдиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу 2013-жылы башталган эле.

«Чындыгында мектеп буга чейин колдонууга жараксыз болуп, жаңы имарат куруу зарылчылыгы пайда болгон. Заман талабына ылайык эки кабаттуу имарат жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Курулуш иштери эки этапка бөлүнүп, биринчи этабы жыйынтыкталган соң пайдаланууга берилди. Экинчи этабы жай мезгилинде жыйынтыкталат. Спорт зал куруу, мектептин айланасын тосмолор менен тосуу иштери да каралган», - деди Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов.

Төлөйкөн айылында 630 кожолукта 4 миңден ашык адам жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2220
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×