Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Нарын

Байзакта «Атам, апам жана мен» аттуу шамдагайлар таймашы уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылындагы А.Молдокеев орто мектебинде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында «Атам, апам жана мен» аттуу шамдагайлар таймашы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, таймашка 12 ата-эне жана 12 окуучу катышты. Мелдештин жыйынтыгында 6 миң сомго чейинки кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Каражаттар ата-энелердин өздүк фонддорунан каржыланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2343
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×