Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 26.12.2017 11:48

Оштогу депутаттар мэрияны сынга алды

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынын Х сессиясы өтүп жатат. Күн тартибине 11 маселе коюлганын кабарчы билдирди.

Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров, ишканалардын жетекчилери жана депутаттар катышууда. Депутат Мирлан Аматбеков мэриянын инвестиция тартуусуна канааттанбай жатканын айтып, инвесторлорго кандай шарт түзүлгөнүнө кызыкты.

Буга биринчи вице-мэр Замир Аскаров шаардын башкы планы түзүлгөндөн кийин гана конкреттүү жооп бере турганын айтты. Ал эми депутат Рысбек Турдуев мэрия депутаттарга жакшы маалымат бербей жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×