Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Баракелде

16 жаштагы оор атлетчи И.Муратбек уулу «Жаш баатыр 2017» турниринде унаа утуп алды (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында 20-22-декабрь күндөрү жаштар арасында өткөн оор атлетика боюнча «Жаш баатыр 2017» турниринде 16 жаштагы Ишенбек Муратбек уулу мыкты деп табылып, унаа утуп алды.

Маалым болгондой, мелдеш Бишкек шаарынын оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар спорттук мектебинин базасында уюштурулду. Ага өлкөнүн бардык аймагынан келген 150дөн ашык спортчу катышты.

Оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти Улан Молдодосов Sport АКИpress басылмасына билдиргендей, турнирдин баш байгесине автоунаа коюлган.

«Аталган турнирди шаардын оор атлетика федерациясы өткөрдү. Федерациянын президенти Канат Дөлөтбаков баш байге катары автоунаа жана башка белектерди койду», - деди ал.

«Жаш баатыр 2017» турниринде 2001-жылы туулган спортчулар бардык салмак даража боюнча күч сынашып, жеңүүчү Синклер системасы менен аныкталды. Жыйынтыгында Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайдын 16 жаштагы өкүлү Ишенбек Муратбек уулу мыкты деп табылды.

Сыйлыктар жана белектер жаштар арасында мыкты ондукка кирген спортчуларга берилди. Ошондой эле, сыйлыкты кыздар арасында байгелүү орунга ээ болгон 3 спортчу алды. Турнирдин байге фонду 160 миң сомду түздү.

Ишенбек Муратбек уулу1

73c3aa4a032db3b234ecbf01e63672e7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×