Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.12.2017 09:18

Ак-талаалык Калмира эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын кубоктун ээси болду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 4 балбаны эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды камсыздады. Бул тууралуу спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, жыл сайын жаңы жылга карата өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп келген эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышып жаткан ак-талаалык 22 спортчунун ичинен уландар арасында Жумаалы уулу Калданазар 5-орунду, кыздар арасында Бакытбек кызы Бермет 3-орунду (61 кг), 27 килограмм салмактагылар арасында Раяна Керимжанова 3-орунду ээлешти. Ошондой эле, Билимбек кызы Калмира бул мелдеште 1-орунду багындырып, кайрадан алтын медаль тагынды. Ошондой эле, баскычтык упайлар менен алтын кубоктун ээси болууга жетише алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×