Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Фото — Нарындын эң сулуу кызы менен эң сулуу жигити Дубайда эс алат

Turmush -  Нарын шарында өткөн «Мисс жана мистер Нарын 2017» сынагында Бакыт кызы Эркайым менен Айданбек Хасанов жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына уюштуруучу Динара Чолпонбаева билдирди.

Анын айтымында, сынакка жалпы 11 улан-кыз катышты. Жыйынтыгында Бакыт кызы Эркайым «Мисс Нарын», Айданбек Хасанов «Мистер Нарын» болуп табылып, Дубайга 1 жумага эс алып келүүгө жолдомо алышты. Баш байгеден кийинки 1-2-3-орундарды ээлегендерге Түркияга эс алып келүүгө жолдомо тапшырылды.

Балдар арасында:

1-орунду - Ислам уулу Абдинур;

2-орунду - Марсел Сакенов;

3-орунду - Иманалы уулу Исмаил ээледи.

Кыздар арасында:

1-орунду - Айжан Асипова;

2-орунду - Элиза Жолдошбекова;

3-орунду - Разия Турганбаева ээледи.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн интеллектуалдык деңгээлдерин көрсөтүшүп, калыстардын тапшырмаларын аткарып, көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12541
Көп окулду
×