Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Чүй

Кеминде бешик той салты боюнча райондук деңгээлде иш-чара уюштурулду (фото)

Turmush -  Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн 2017-жылдын 23-январындагы №16 буйругунун негизинде 25-декабрда Чүй облусунун Кемин районунун Т.Абдумомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебинде бешик той салтын көргөзүү боюнча райондук деңгээлде иш-чара өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага Кемин районунун жалпы мектептеринин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева катышты. Иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында окуучуларды кыргыздын улуттук баалуулуктарынын негизинде тарбиялоо максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1668
Көп окулду
×