Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 25.12.2017 14:45 На русском

Фото — Казакстанга барган президент С.Жээнбековду аэропорттон тосуп алышты

Turmush -  Бүгүн, 25-декабрда расмий сапар менен Казакстанга барган президент Сооронбай Жээнбековду аэропорттон Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Мамин баш болгон чиновниктер тосуп алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин тар жана кеңири курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара жана ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу дагы болжолдонгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×