Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Ошто футболдун өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-декабрда Ош шаарында футболдун өнүгүшүнө жана Оштогу ФИФАнын футбол академиясынын курулушуна салым кошкондор сыйланды. Сыйлык Кыргызстандын футбол академиясы тарабынан берилди, деп маалымдайт кабарчы.

Сыйлык ээлеринин арасында Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, мэриянын аппарат жетекчиси Алмаз Осмонов, футболду чагылдырган Оштогу телеканалдардын жетекчилери бар.

Ош шаарында Эл аралык футбол федерациясынын каржылоосунда курулган А.Момунов атындагы футбол академиясы 2017-жылы 12-октябрда салтанаттуу азем менен пайдаланууга берилген. Иш-чара мурунку президент Алмазбек Атамбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ФИФАнын өкүлдөрү жана шаар тургундарынын катышуусу менен өткөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1671
Көп окулду
×