Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баракелде, Дүйнө 25.12.2017 11:20

Кыргызстандык мушкер Р.Физиев атаандашын 58 секундда утту (видео)

Turmush -  Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 23-декабрда Сеул шаарында өткөн эр таймашта атаандашын 58 секундда утуп алды.

Маалым болгондой, 71 кг салмактагылар арасында кыргызстандык Рафаэль Физиев (4 жеңи, жеңилүү жок) менен моңголиялык Мунгунтсоож Нандинердене (7 жеңиш, 3 жеңилүү) таймашты. Алгач Нандинердене үстөмдүк кылууга аракет кылганы менен Физиевдин каршы соккуларына туруштук бере алган жок.

Ушул эле турнирде кыргызстандык дагы бир мушкер Бегимжан Касымов (93 кг) АКШлык Дестени Яброузга утулуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×