Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.12.2017 10:03

Ак-Талаада балдар музыкалык мектебинин окуучулары жаңы жылдык концерт тартуулашты (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин кичинекей таланттуу окуучулары кызыктуу концерт тартуулашкандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 23-декабрь күнү жыл жыйынтыгы менен аталган мектептин жамааты тарабынан жогорку деңгээлде отчёттук концерт даярдалып, анда музыканын бардык жанры боюнча билим алып жатышкан окуучулардын ырдаганы, бийлегени көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулады.

Концерттин жүрүшүндө хор, жеке ырлар, күүлөр, жомоктор, дастандар аткарылып, мукам үндүү, таланттуу ырчы, чоорчу, комузчулар бар экендиги жана мектептин мугалимдери жогорку сапатта билим берип жаткандыгынан кабар берди. Концерттин соңунда, мектептин директору Венера Артыкбаева бир жылда аткарган иштери, сынактарда алган орундар жана башкалар боюнча отчёт берди. Ошондой эле, аталган мектептин окуучуларына жаңы жылдык белектер таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×