Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баракелде

17 жаштагы Азия чемпиону А.Мырзаевге унаа белек кылышты

Turmush -  Бишкек шаарында кечээ, 24-декабрда жаштар арасындагы дзюдо боюнча 2017-жылдын Азия чемпиону Адил Мырзаевге «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.

Маалым болгондой, спортчуга унаа Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясынын жыйынтык чыгаруу аземинде тапшырылды.

Адил Мырзаев ушул жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында жеңүүчү болгон. Ал 73 килограммга чейинкилер арасында күч сынашып, 4 жолу утуп жана алтын медалга ээ болгон.

Спортчу 2017-жылы Түркияда, Россияда, Өзбекстанда, Кыргызстанда, Сербияда жана Японияда өткөн турнирлерге катышты.

Дзюдо боюнча улуттук федерация А.Мырзаевге Азия чемпионатындагы жеңиши үчүн унаа тапшырып жана өзүнүн жаш категориясында жылдын мыкты спортчусу деп тапты.

Адиль Мырзаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 874
Көп окулду
×